күйүттүү
- Оор кайгы-капалуу, күйүтү бар, күйүтү күчтүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күйүттүү тууган экөөбүз, / Атасы душман жат элде, / Күндү кайдан көрөбүз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Гүлчоронун кебинен, / Улай кармап Канчоро, / Күйүттүү кепти башынан, / Баштап калды ал чоро: / «Абакемдин башынан, / Киши менен иши жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →