күйүн
- Күйүп-бышып кайгырган же жаны ачыган абалда болуу, кейип-кепчип, абдан капалануу, күйүткө учуроо, күйүт тартуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алдында айтып күйүнчү, / Артында аттып сүйүнчү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Балага эне күйүнүп, / Мындай болбойт кишиден.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Мен алданып калмакка, / Малдын кулу экенмин, / Кең пейил элге күйүнгөн, / Сен Кененим экенсиң, / Кененим сенден жалтайып, / Акчан киши экенмин, / Желкеңден жерге баспасам, / Жети ата кылып кыргызды, / Жети катар чаппасам, / Дабытай атым курусун, / Жесир катын, жетим уул, / Журт- журтта калып улусун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алп Жамгырчы сырдашым, / Балдардын дайнын айта сал, / Аккула минген азамат, / Бойунда тоодой чоң талап, / Душман угуп күйүнгөн, / Тууган угуп сүйүнгөн, / Айтпасаң да билемин, / Жакыптын уулу жаш Манас, / Алтымыш уруу алашка – / Атпай журтка баш Манас.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ууданга, / Айактап кебез байланып, / Он төрт күлүк айдатып, / Бүгүндөн калбай барам деп, / Айчүрөк сени табам деп, / Аттанып чыкты үйдөн шат, / Душманга болсун күйүнчү, / Жеңе сага сүйүнчү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →