күйүк1

китептерде 46 жолу, 9 китепте күйүк 3 →
  1. Жыгачтын, нандын ж.б. карарып күйүп калган же чала күйгөн бөлүгү.
  2. Күйгөн нерселердин даамын, жытын билдирүүдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тегеретип имерди, / Терекке чаап жиберди, / Энесин көрүп күйүгүп, / Чөптөн чыкты жүгүрүп, / Балта менен Бешилик, / Кармап колго түйүлүп, / Жерде жаткан сойулду, / Кармап алды Бекбача, / Тоңкойуп балдар жыгылды, / Кыйырдата чапканда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бай Жакып чыкты бакырып, / Чыйырды чыкты чыңырып, / Кыргыздар келди жыйылып, / Хан Бакай баштап күйүгүп, / Кабылан укту туйунуп, / Кермеден атты алдырды, / Нөөкөрлөргө буйуруп, / Отуз нөөкөр кыл шайы, / Ордодо кызмат кылганы, / Орунсуз кепке арданып, / Оолугуп кы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тирүүлөй Тапак баатырдын, / Катынын тартып алыптыр, / Баш урсун келип жүгүнүп, / Бекер өлүп албасын, / Ардык кылып күйүгүп, / Күдөрүн туура үзбөсүн, / “Сулуусунан” түңүлүп, / Эми кастык кылалбайт, / Алмамбеттин жибек тор, / Мойнуна түштү сыйкырдын, / Сыры калды төгүлүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Көрбөгөн кызды алам деп, / Күйүгөсүң сен эмне?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жалындап бала күйүгүп, / Жанына жалгыз жан турбай., / Жайнай берип түрүлүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →