күйпүл

китептерде 2 жолу
  1. Жүнү, чачы уйпаланып үрпөйгөн, арыктаган, жүдөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…баланы, / Сатып алган Каныкей, / Алтын, күмүш зарга алып, / Эркелетип колуна, / Көтөрүп жүрчү карманып, / Манастын уулу ушу деп, / Баары журт жүрчү таңданып, / Күйпүлүрөөк бала эле, / Өсө албаган жан эле, / Балтыр бешик баладай, / Ал-абалы бар эле, / Дагы жакшы кийгизип, / Толуктады аны эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Атасынча бар экен, / Анткен менен, Абыке, / Күйпүл өскөн бала экен, / Ичинде турат зардабы, / Жетим өскөн иниңдин, / Көп жогураак дарманы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →