күйгөн

китептерде 99 жолу, 9 китепте
  1. Сүйүүгө, ашыктыкка байланыштуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…рап, / Өзүнчө туруп ал жерде, / Төрөөттө кара баскандай, / Азуулары качырап, / Чок өчүп колу калыптыр, / Бул ашырып айткан иш эмес, / Жүрөгү күйүп эт калбай, / Күйгөнү мунун аныктыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кытайдан келген Кылжейрен, / Кызыккандай элирген, / Байкасаң көзү башкача, / Күйгөн шамдай керилген, / Алмамбет дайым таңданып, / “Бактыма бүткөн ат” – деген, / Ошол үчүн казактан, / Күлүк бер мага дебеген. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жалгыз жүргөн Сейити, / Азыр бүгүн төрт болду, / Он эки миң сап аскер, / Жалындап күйгөн өрт болду, / Тапан хандын жүрөгү, / Ордуна турбай козголду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бул Канчоро кара ниет, / Өздөн чыккан жат болду, / Сегиз күндө келгиле, / Өзөктөн күйгөн өрт болду, / Калганын кийин көрөрбүз, / Бакай айтып токтолду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Күйгөндөн баары буркурап, / Жаш агып көздөн дыркырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →