күй2

китептерде 310 жолу, 10 китепте күй 1 →
  1. Тутануу, жануу абалында болуу, отко айлануу.
  2. Жагылган, ичиндеги оту жанып турган абал Меш күйдү.
  3. Карарып, күйүккө айланып кетүү.
  4. Жарык берүүчү, жаркырап жанып туруу.
  5. Суу жетпеген өсүмдүктөр (эгин, чөп ж.б.) ысыктан саргарып, куурап кетүү.
  6. Күндүн ысыгынан карарып кетүү, кара түскө айлануу (адамдын денесине карата айтылат).
  7. Кайнак, ысык суюктук тийүүдөн же төгүлүүдөн улам дене кызарган же ылжыраган абалга келүү.
  8. Бүткөн бою, денеси ысуу.
  9. Үстү-үстүнө үйүлгөн нымдуу нерселер (эгин, чабылган чөп ж.б.) шамалдабай, аба жетпей, түтөп бузулуу, чирүү.
  10. өт. Бир нерсеге бекеринен чыгым болуу, каражат жоготуу, зыян тартуу.
  11. өт. Ак жеринен жалаага жыгылуу, айыпталуу, каралануу.
  12. Кимдир бирөөнүн абалына, шартына боору ачуу, жан тартуу, ал-абалын суроо, кайрылышуу.
  13. Катуу кейиште болуу, күйүт тартуу, өксөө, күйүнүү.
  14. Өкүнүчтө болуу, өкүттө калуу, кейүү.
  15. Ызасы келүү, жаны кашаюу, теригүү.
  16. Карта оюнунда (банк ойногондо) алган карталардан келип чыккан сумма жыйырма бирден ашык болуп калып, уттуруп жиберүү.
  17. өт. Ашык болуу, сүйүү.
  18. Күтүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…/ Найза менен муштады, / Сайдырбастан Бекбача, / Найзасын кагып жиберип, / Качырып кирди Каракөк, / Алгыр бүркүт түрдөнүп, / Найзасынын учунан, / Жалындаган от күйүп, / Табарсыктын башы деп, / Калмак ээр кашы деп, / Найза менен сайганы, / Мөшкөй болот чарайна, / Өтпөй найза тайганы, / Найза каңгып так этип, / Ташка сайган н… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Колдору күйүп бырышты, / Доо кетип билек тарамыш, / Ичин карай тырышты, / Билгени жок торгой кыз, / Мынчалык болгон жумушту, / Колу күйсө шыркырап, / Эми кандай болот, деп, / Беттешип турган бек затка, / Эки көзү чачырап, / Өзүнчө туруп ал жерде, / Төрөөттө кара баскандай, / Азуулары качырап, / Ч… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…айын, / Колбуп жаткан кыргызды, / Койдой кесип баштарын, / Коондой кардын жарайын, / Манастан калган коргонун, / Койбой такыр чагайын, / Талкалайын күмбөзүн, / Күйгүзөйүн ичтерин, / Деп ойлонуп арамкор, / Тополоң түшкөн тоз жакта, / Жердин бети көрүнбөс, / Топурак учкан боз чакта, / Камчы басып жөнөдү, / Бул бадырек тору атка. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жарык күйбөй, от күдүң, / Кара күүгүм кези экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Олжого кеткен Чүрөгүм, / Бойунда бала барлыгын, / Ошондо билип жүргөмүн, / Эркек тууса болду деп, / Жылдарды санап күйгөмүн, / Үмүтүм болуп Чүрөктөн, / Ан үчүн өлбөй жүргөмүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →