күзөт2

китептерде 17 жолу, 6 китепте күзөт 1 →
  1. Кайтаруу, көздөө, кароолго алуу, көз салуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ң деп, / Таам тартып Калдык хан, / Барып демиң алгын деп, / Өзү жатпай Калдык хан, / Барабанын кактырып, / Сурнайларын тарттырып, / Жоругун журттан арттырып, / Күзөт кылып аскерди, / Өзү айланып бастырып, / Испан менен оогандан, / Качабы деп шек кылып, / Көбүнчөсү Каракөз, / Эл бузат деп кек кылып, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ортодон чыкты Чолпонбай, / Кыйын заман, мүшкүл күн, / Кыргыздын эли тынч албай, / Күндүзү сайыш жоо бети, / Түнкүсү малдын күзөтү, / Кирпик ирмеп уйку албай, / Жата албай чыкты Чолпонбай, / Таң атканча уктабай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кароолчусу жүрүүчү, / Кыргыз жакты күзөтүп, / Кароолчу кабар алганча, / Ханына кабар салгынча, / Бозуул жетип барыптыр, / Кароолчу турган жайына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ачса көйнөк Гүлчоро, / Арасында сүрөт бар, / Сүрөткө кошкон каты бар, / Айчүрөктүн аты бар, / Баарын көрүп Гүлүстөн, / Сейтек жаткан бир үйгө, / Таштап койуп сүрөттү, / Билмексен болуп Гүлчоро, / Байкап тыштан күзөттү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…р, — деп, / Кайта имерип качырса, / Соо койбой мени такыр,” – деп, / Найзаны силкип түзөтүп, / Кыйырдап баатыр күчөтүп, / Кыр аркасын болжолдоп, / Кыйын баатыр күзөтүп, / Туурадан туштап келгенде, / Тунжуруң муштап ийди эле, / Туңжуруң сайган бул найза, / Канча заман талаада, / Артылып жатып бир ташка, / Жашыгы алып курч калы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →