күзгү1

китептерде 38 жолу, 9 китепте күзгү 2 →
  1. Бет маңдайындагы, алды тарабындагы нерселерди чагылтып көрсөтүүгө ылайыкталып жасалган, адам өзүн көрүү үчүн колдоно турган айнек буюм.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чачы адамдын чачындай, / Кашы кара чийгендей, / Көзү адамдын көзүндөй, / Кирпик какса билинип, / Оозунда тиши кашкайып, / Күзгүдөй бети тастайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ин айлына, - / Айкөл Манас артынан, / Арылай кетти бастыра, / Калкылдаган кол менен, / Келе жатса Ырчы уул, / Шооруктун кызы Накылай, / Турган экен ташкайып, / Күзгүдөй бети тастайып: / — Келгин, уулдар, жол болсун, / Келдиби абам не болду? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…тырышып, / Кириштери бырышып, / Кеп айта албай турганда, / Баласын колдон жетелеп, / Айчүрөк кирди залкайып, / Айтып турду бул сөздү, / Айдай жеңең кашкайып, / Күзгүдөй бети тастайып: / — Эрди сайып, эл алып, / Ханды сайып, калаа алып, / Катарда киши сен болдуң, / Хандар менен тең болдуң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Келген күкүк түрдөнгөн, / Күлө багып кашкайып, / Өңу жарык күзгүдөн, / Айкөл шерден айрылбай, / Ал үчөө катар бир жүргөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
– Жок, кызды алманын ээси алышы керек, күзгүдөн көрүп ат менен келген менен алма болбосо ал тирилмек эмес -деп жиберди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →