күдөр
- Үмүт, ишенич.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бербесең мейли атамды, / Чычырып алып богун же, / Күдөрүңдү такыр үз, / Нурфану мага тийет дебе, / Өлүп алып кутулам, / Зордуктап алам дегенде!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тирүүлөй Тапак баатырдын, / Катынын тартып алыптыр, / Баш урсун келип жүгүнүп, / Бекер өлүп албасын, / Ардык кылып күйүгүп, / Күдөрүн туура үзбөсүн, / “Сулуусунан” түңүлүп, / Эми кастык кылалбайт, / Алмамбеттин жибек тор, / Мойнуна түштү сыйкырдын, / Сыры калды төгүлүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Токтосартка Сейтек, / Айтып турган бир кеби: / — Абаке арстан шер Гүлүс, / Келе турган киши эмес, / Сен келди деп жүгүрүп, / Көрүшөөр болсоң өзүң бар, / Көрүнсө салам бергиниң, / Көрүнбөсө абакем, / Күдөрүң үзүп келгениң, / Көрүшөрүн-койорун, / Абамдын сырын билбедим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эшигиңдин алдына, / Ай сайын келет бир миңден, / Бир тыйын сенден албаймын, / Күдөрүң үзбө сен менден!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Жок, ал бир убакта канча кылса да бул иштен эчтеме чыкпасына көзү жетип, күдөрүн үзгөн кишидей бошоп калды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →