күдүр
- Түз эмес, ой-чуңкурлуу жер, өйдө ылдыйы, өңгүл-дөңгүлү көп талаа.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кандай кылсаң андай кыл, / Эрдикти Дөнө карматкын, / Көкбөрүдөн кеп угуп, / Күүлөгөн кепти бүт угуп, / Өзүнчө сүйлөп күдүрөп, / Оозунан чыгып ак көбүк, / Күркүрөп Дөнө жөнөндү, / Келе жаткан калмактын, / Караанын Асыл көргөнү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өзүнчө сүйлөп күдүрөп, / Кейпи суук калмактын, / Сел аккан суудай күжүлдөп, / Кабагын ачып ирмесе, / Асманда булут бүркөлөт, / Намыстанып Чойун алп, / Камчы басып сур атка, / Кененимге баратса, / Хан Дабытай, Кесилет, / Ачакан келет жанаша, / Эми болот көргөнгө, / Өтө кызык тамаша.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Келип Адик токтобой, / Башкаларга окшобой, / Күдүрөңдөп күүлөнүп, / Күңгүрөнүп сүйлөнүп, / Ажылдап атка асылган, / Кабагаан иттей сүрдөнүп, / Албан-албан кубулуп, / Алда канча түрлөнүп, / Асыл баатыр Сыргакка, / Айанбай найза салыптыр, / Кактырбады найзасын, / Кара санга малыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күдүр молдо бакырды, / «Эр Семетей жумшаган, / Коңурбайдын жылкысын, / Айдап кет — деп — акыры».
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…гин бери, деп, / Күжүлдөгөн андан көп, / Өлөбүз бүгүн эртең, деп, / Бүжүрөгөн андан көп, / Таранчыдай бужурап, / Кужураган андан көп, / Жаны тынбай кымылдап, / Күдүрөгөн андан көп, / Улук болбой жерге кир, / Кыргыз менен урушуп, / Кырат экен бизди, деп, / Кудураган андан көп, / Найзасын ташка түйрөйтүп, / Кылычын чаркка бүлөтүп…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →