күбөлүк

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Адамдын туулган мезгили, никеси, билими ж.б. жөнүндө айтып ырастаган атайын расмий документ.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Барбаса Асыл аркаңдан, / Жедигер менен коросон, / Хан Каракөз, Салаадан, / Биз айтабыз күбөлүк, / Ким болсо хан испанга, / Элге да болсун түбөлүк, / Кол кармашып үч улук, / Көкбөрүгө кошулуп, / Түбөлүк доор сүрөлүк, / Эли кимди көтөрсө, / Бүткүл испан элине, / Ханы ошол түбөлүк. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көөнүм бербейт күбөлүк, / Киши минип жол жүргөн, / Ушул жолду басканы, / Ушуну айтып Конушпай, / Эки көзүн жаштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жаман эмес жакшыдан, / Катын эмес эркектен, / Күбөлүк кылса Мөңкөтай, / Ал Медеркан эриңдин, / Көөнү тынбайт түк сенден, / Эби келсе кетпегин, / Эңсесин кесет Чигитей, / Эрегишкен иттердин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Шыкаалап үйдү караса, / Кызык сөзгө батыптыр, / Буудайбек айтып күбөлүк, / Бузук чыгып калыптыр! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Дубана келип ат койуп, / Качып кетти шарт койуп, / Болбоду Кыйаз күмөнсүп, / Өзүңдүн балаң, Кыйаз, деп, / Көпчүлүк айтты күбөлүк. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →