күбүр-шыбыр

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Ачык, угуза айтылбаган, даана угулбаган кеп-келеч же ушак айың сөздөр.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ — Алтымыш бирде жашым дейт, / Аксакалдуу карынын, / Айтаары ушул болбойбу, / Күбүр-шыбыр кеп менен, / Жүрүп кетти кыргыздар, / Коргонго түнөп ал түнү, / Ары-бери толгонуп, / Таң атырды көз жумбай, / Таңга жакын болгондо, / Кеп сурады Акмаңдай: / — … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Унчукпады калгандар, / Тарап кетип калышты, / Жай-жайына барышты, / Үйүнө барып алганда, / Күбүр-шыбыр сүйлөшүп, / Көп эле кепти салышты, / “Кечилдер шекшип калат” – деп, / Жымжырт болуп калышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…төндүрүп, / Алып келип көк тайды, / Топого койгон көмдүрүп, / Боолап койгон чырпыкты, / Кырк жеринен керттирип, / Балта менен кестирип, / Алып чыгып талаага, / Күбүр-шыбыр айттырып, / Калмакты карай чачтырып, / Тойгунча берип тамакты, / Балдарды койду жаткырып, / Уктабай жатып Жамгырчы, / Агарган таңды аткырып, / Күндүн мурду чык… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аңгыча турган аламан, / Күбүр-шыбыр болгону, / Көпчүлүк муну ойлоду: / “Атты чапты жеңишке, / Байгеси кайда беришке? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Басып барып жанына, / Күбүр-шыбыр дегенсип, / Көрсөтүп койду уйуна. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →