күбү

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Бир нерсенин чаңын, чөп-чарын ж.б. кетирүү, арылтуу үчүн кагуу, силкүү, силкип түшүрүү.
  2. Дарактын жемишин, жалбырактарын силкип түшүрүү, кагуу.
  3. өт. Түгөтүү, аягына чыгуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Шернеге тайдан сойдурду, / Кымыздан тарткан аракты, / Күбү менен койдурду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Андан мурда Сейтек, / Келип кеткен үч жолу, / Үч айда бирден болжолу, / Талаага койбой кайыптан, / Алып келген болуучу, / Күбүнө батпай күмүшү, / Кыйаздын көөнү толуучу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Алдында камын кылгандар, / Чатырды эки күбүгөн, / Эрте менен тик турган, / Бир күбүгөн чатырлар, / Кар астында көмүлгөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…рге, / Жамбаш баштап, эт тартып, / Отуздан төмөн жаштарга, / Сары куйка баш тартып, / Барлык элге берерге, / Кымыздан арак тарттырып, / Көөкөрлөргө куйдуруп, / Күбү менен тургузуп, / Куурдак менен май берип, / Сапты айак менен чай берип, / Тиши бүтүн балдарга, / Буудай майлап жай берип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →