кээде

китептерде 88 жолу, 10 китепте
  1. Айрым учурда, кээ бир учурларда, кайсы бир убакта.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ер, / Чөптүү жерде суусу жок, / Суулуу жерде чөбү жок, / Батыштан көөнү кайтканда, / Чыгышты карай тартканда, / Шор дайраны жакалап, / Чыгышка бара жатканда, / Кээде агын суу бойлоп, / Кээде керүү жер бойлоп, / Кээде деңиз жакалап, / Кээде адыр аралап, / Кээде тулаң күр басып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сайрабай булбул тил катып, / Молдо торгой, сандыгач, / Сүйлөй албай буулукту, / Мурун кудай такшанып, / Күкүктүн баары күдүңдөп, / Көк асман бети бүрүлдөп, / Көрүнбөй көзгө күүгүмдөп, / Кээде олтуруп, кээде кооп, / Тели болгон жылкыдай, / Чакчелекей жүгүрөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Бузуку болсо арада, / Батырат кээде санаага, / Кытайдан келген Алмамбет, / Казакка келип эл болгон, / Айдаркандын Көкчөгө, / Арка тирек бел болгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кара дөө ыйлап турганда, / Күңгүрөнүп сүйлөдү, / Кээсин укту Кара дөө, / Кээсин угуп билбеди, / — Кээде угат кулагым, / Кээде укпай каламын, / Кээде тилим күрмөлөт, / Кээде тилим күрмөлбөйт, / Кээде көзүм жарк этет, / Кээде көзүм күүгүмдөйт / Көзүмө ачык көрүнбөй, / Жердин бети күдүңдөйт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Кээде биздин үстүбүздөн контрол кылып бирин коюп кетет. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →