кыңылда
- Ичинен акырын ичкерээк үн чыгаруу, кың-кың эткен ичке, алсыз үн чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кабаган иттей ырылдап, / Жердин бети кар болуп, / Аппак болуп зымырап, / Ой, түзү жок билинбей, / Көз тайгылып жымырап, / Туш-тушунан жыгачтар, / Ырдагансып кыңылдап, / Тердикке чыга кар келди, / Жан-жаныбар баарына, / Кең дүнүйө тар келди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Машаадай болуп кыңылдап, / Бирдеме сүйлөп жаткансыйт, / Ооздору ормоңдоп, / Далай сөздү айткансыйт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ырактар дирилдеп, / Жайылып жаткан жазы кум, / Жан киргендей шырылдап, / Таштын баары мыдырап, / Кескелдирик, ташбака, / Айласын таппай тыбырап, / Чиркей учпай кыңылдап, / Баатыр бала Сейитим, / Элебей турат зымырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
— деп таяк жеп, алгандан кийин басылып жаткан күчүктөй кыңылдап, Элебес өзүнчө кетти.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Чал корккон бойдон сандалып баса албай үйүнө келет да тескери карап жаткан жеринде кыңылдап ыйлай берет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →