кыңкылда

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Акырын үн чыгаруу, өзүнчө түшүнүксүз күңкүлдөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Анда Дуулат кыңкылдап: / — Жүр Темирбай баралы, / Мына бу киши калабы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ошо кезде Кыйазды, / Карап турса Кутубай, / Кара жанга күч келип, / Тер тамчылап тыпылдап, / Сүйлөйүн десе тил келбей, / Ыйлачудай кыңкылдап, / Айчүрөк учуп кетет деп, / Токтоно албай кыпылдап: / — Ой, Кутубай курбалдаш, / Калыссың, айтчы, сөздү ылгап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Сүйлөсө башы кылтылдап, / Катын үндүү кыңкылдап, / Токтобой мойну баладай, / Ары-бери шылкылдап, / Таноосу көөп дердеңдеп, / Тамакайы былкылдап, / Келгендин баары жалдырап, / Сатайына карады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →