кыңгыра

китептерде 39 жолу, 8 китепте
  1. Кыңгыр эткен, шыңгыраган үн чыгуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Аппак темир болоттон, / Алты айлантып курчанып, / Кийгени темир көгөрүп, / Буттап темир өңөрүп, / Найза колдо зыңгырап, / Кытайча кызыл доолбас, / Чымын тийсе кыңгырап, / Айбалта жанда жалтылдап, / Асаба колдо калкылдап, / Кылыч белде шыңгырап, / Кыргыздан чыккан жаш арстан, / Келди айылга чукулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Аларды көрүп күч алып, / Заар жүзүнө айланып, / Сом темирди артынып, / Чарайнасын тартынып, / Кетелегин кошо алып, / Кылыч кында кыңгырап, / Айбалта белде шыңгырап, / Найза колдо зыңгырап, / Жолум үйдөй Чойун баш, / Такымына кысыптыр, / Туулгасын көмөрүп, / Баары темир көгөрүп, / Көөдөнүндө чарай… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…Шилтеген кылыч жеткенче, / Найза менен бир койду, / Булчуң этин жаралап, / Тарамышын аралап, / Билегинен кара кан, / Агып турат салаалап, / Колундагы кылычы, / Кыңгыраган үн чыгып, / Заңгыратып тоолорду, / Бир укмушту сүр чыгып, / Ободо кылыч шыңгырап, / Жалпагынан бир кумга, / Барып түштү жартырап, / Сыйкырын салды миң албан, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кылычтар сынды кыңгырап, / Сыныгы жатат кылдырап, / Найзалар сынды быркырап, / Темири жатат жылтырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кийгени кызыл шайыдай, / Кыңгыранган уулдар, / Каз, өрдөктөй катарлаш, / Керилген келин, сулуу кыз, / Салтанат сайран курушуп, / Шапар тээп тунушуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →