кың

китептерде 38 жолу, 9 китепте
  1. Акырын чыккан созулуңкураак үн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мындан башка кебим жок, / Кыңк эте албай кызбалдар, / Кыжыл болуп турганда, / Кеп баштады Бактыбай: / — Татан ага не дейсиң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кыйалыңда не болсо, / Кыңк этпей таап берели, / Кылымдын баарын тап десең, / Былк этпей таап келели, / Элчилешип сөз байлап, / Элдешсең эби келеби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Деп Кененим заарданды, / Кың кылалбай Бактыбай, / Коросон менен испанды, / Бириңе бириң катышпа, / Жолдо жаткан тынч элге, / Калба салып атышпа, / Өз элиңе кеткин, деп, / Айдап жолго салганы, / Бүлдүргөчө бир неме, / Олжо кылып албады, / Бактыбай элин ээрчитип, / Атбашыга жанганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Буруттун малын ал дешип, / Абылтай деген бар эле, / Жетимиште чагы эле, / Карылыкка жөлөнүп, / Жаадай бойу бүгүлүп, / От жанында олтурчу, / Сакалына түкүрүп, / Алты ай жатты былк этпей, / Азабын айтып кыңк этпей, / Абылтайды өлүмгө, / Калмактын эли баалаптыр, / Барбы жокпу Абылтай, / Эсепке муну албаптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кыңк эткен бенде болбоду, / Бакай айткан болгону, / Эшикке чыгып Керменбай, / Элге угузуп койгону, / Эки күнү той болду, / Күн саны үчкө жеткенде, / Канчорого ой болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →