кыяла

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Кыя жол менен жүрүү, жантайма бет менен кыйгачтай жүрүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Сайдын орто жерине барганда кайра кыялап, жонго чыктык. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Көбү дуңган менен кытай сыяктуу Баягы заманда Үрүмчү, Турпан, Кулжа дебей туш-туштан кыялап, Караколго келип, апийим айдап, артынып-тартынып алып, күзүндө кайтар эле. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
"Эми тобокел, ушул жылчык менен эптеп кыялап түшүп көрөйүн", – деп бала баягы жылчыкты көздөй барып, коп кыйынчылыктар менен акыры жерге түшөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →