кыял1
- Элдик көркөм кол өнөрүндө, узчулукта чыгармачылыктын жогорку чеги.
- Элдик көркөм оюмдун жана көчөттүн жалпы аталышы.
- Оюунун бир түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Түн караңгысында, көзүмдү бир жумбай кыял басып, жалдырап, карап жатам.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кыялдын бир тобун жамыратып өткөрүп жиберип, бир кезде Ыйманкул эсиме түштү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бир кезде шаар жактан муңдуу кылып чиркөө кагылып, анын караңгы түндү кайгылуу кылып калтыраткан дабышы менин кыялымды терметип алда кайда узатып кетти...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Үпүптүн алдынан чыккан айбанаттар ийилип салам берип урматташып, мындай сый-урматка манчыркап көбө баштап, кыял-мүнөзү өзгөрүп толкундап турган учурда баягы кашкулак досу эсине түшөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Баратып кантип уулунун тоюн берүүнү ойлонду: "Кой, аздан акча жыйнайын, катып койгон акчамды таптакыр унутуп калбайын, күрүч, кой алып туруп, уулума той берип, элден бата алайын" деп кызык кыялга батты.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →