кыя1

китептерде 10 жолу, 3 китепте кыя 2 →
  1. Тоонун жантайган боору, тике болбой кыйгачтай кеткен эңкейиш.
  2. Тике же түз эмес, кыйгач абал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жолоочу эмес кыясың, / Жоолашчудай турасың, / Жообуңду азыр айта сал! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Агайын-тууганын да киши кыябы? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Түптүн суусун бойлоп кеткен жалгыз аяк жол менен нечен түрдүү таш кыяларды басып, бүжүрөңдөп жүрүп келебиз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бала жуп төрөлүп түшүп баратканда, аялыңдын мойнун кыя чап! Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Айтканындай төрөп жатканда кылыч менен аялынын мойнун кыя чапса, башы өгүздөй, денеси кырк кулач ажыдаар болуп сулайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →