кыштоо1

китептерде 14 жолу, 7 китепте
  1. Кышында кыштай турган жер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сакалдарын карасаң, / Өзүбектин дабындай, / Маңдайынын кеңдиги, / Азык салчу байлардын, / Алты карыш кабындай, / Чекесинин бырышы, / Кой кыштоочу адырдай, / Кең көкүрөк дагдайып, / Тай чабуучу талаадай, / Эки эмчеги салаңдап, / Кысыр эмди танадай, / Эки жагын карасаң, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эл көчүп барчуу жайлоого, / Кеңири жери мында жок, / Күзүндө барчуу кыштоого, / Деги маалы болгон жок, / Эмне үчүн ак чыйыр, / Кандай болуп калды? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Мийзам учуп, кыш түшүп, / Окубай куран калабыз, / Эл кыштоого конгончо». Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Жайлоого көчүп, бир ашып, / Кыштоого көчүп, бир ашып, / Аламдын татаал белинде, / Жашым жетип он бешке, / Издеп келсем бул жерге, / Таанышканча эл менен, / Түйшүктүү болдум бир демде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Ары жактан келген катын, бир убакытта кыштоонун артында тартак-тап, саржан салып жүргөн замчыларды карап алып (алар орус эле): Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →