кышта

китептерде 9 жолу, 5 китепте
  1. Кышты бир жерде өткөрүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Андан башка билбеген, / Кирдүү кийим кийбеген, / Кирдүү айак ашын ичпеген, / Кышта кысыр бээ сойуп, / Жайдын күнү той жеген. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ан, / Карахандын оозунан, / Мамындай чыкты калың мал: / — Каз баласын колумдан, / Алар болсо Жакып бай, / Жай жайлаган жайлоомо, / Үч толтура мал берсин; / Кыш кыштаган кыштоомо, / Үч толтура мал берсин, / Сан сарала ат берсин, / Сан миң кара кой берсин; / Айры өркөч кошпосун, / Жону туйук нар болсун, / Санаты толук миң болсун… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Куулдаган ылаачын- / Чоң казатка барганда, / Көк күлдү кыштап калганда, / Олуйа Кошой эрмекке, / Өрдөккө салган куу кумпай, / Кыпылдаган карчыга, / Алп Төштүк салган кыргоолго, / Кастарлаган куш эле, / Зыпылдаган Кыргыйек… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Күнөскө барып кыштабай, / Түлкүсүнө кызыгып, / Каркыранын адырда, / Бүркүт салдым мен кыштай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бу жердиктер бирин-эки субай салтаңынан башка малынын көбүн Боз адыр деген жерге кыштатып, колунда калган малдарына тоодон чокулап, чөп чаап алышат экен. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →