кыш2

китептерде 139 жолу, 10 китепте кыш 1 →
  1. Жылдын күздөн кийин келүүчү суук мезгили.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыш-кыштооңор аралаш, / Жай-жайлооңор чамалаш, / Жайы-кышы бөлүнбөй, / Жүрөсүңөр чамалаш, / Кымыз ичип козу жеп, / Санаасы жакын кадырнас, / Ирегең бирге эл элең, / Илгеркидей болсоңор, / Бекбача мында не келем, / Кырдуусуп Таңгыт кетпесең, / Кемсинип кыргыз калбаса, / Ким келет сенин айлыңа? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тоолорго толук кыш болуп, / Жакага жалтыр муз тоңуп, / Саратан жайдын тамызда, / Куруп калган чоң Оркун, / Кыңшылаган кыз болуп, / Кере кулач төш жары, / Эки чети муз болуп, / Тө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эпкини кыштын чилдедей, / Ысыгы жайдын күнүндөй, / Айбаты жолборс сүрүндөй, / Бет маңдайдан караса, / Алп кара куш түрүндөй, / Семетейди көргөндө, / Гүлүстү таштап жиберип, / Күркүрөгөн Кутургур, / Жолборс Семей абаңдын, / Өзүнө тийди имерип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Мийзам учуп, кыш түшүп, / Окубай куран калабыз, / Эл кыштоого конгончо». Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Кышында жолчулар түн баласында жарытып уйку көрбөйт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →