кычыр
- Каалганын сүрүлө жабылышынан, катуу нерселердин сүрүлүшүнөн ж.б. келип чыккан сыяктуу дабыш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алтайлык казак бузулуп, / Жапандакы Кызылдөө, / Жалгыз көздөө жалаңгыч, / Көкбукачан Мадыкан, / Нескаранын Жубатай, / Ушаңдын уулу Усанген, / Мурадилдин Карагул,- / Баарын казак кычырып, / Күрпүлдөктүн бойунда, / Кан кечишкен ойунда, / Ошондо элге таанылдым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…н жерден кобо албай, / Мурун кудай боло албай, / Пейлимен кайра жандым, деп, / Безилдеп ыйлап кан какшап, / Чигитейге баралбай, / Же кетип калгын кайра, деп, / Кычырып келген каркыттап, / Кытай менен моңгулга, / Таңгыт менен манжуга, / Айтып муну баралбай, / Санаасы миң, кыйал көп, / Жатып уйку алалбай, / Өзүнчө оору болуптур…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Калкыңа кыргыз келбесе, / Калмакка бардың неге, дейт, / Калк ичинде карылар, / Калбай баары жемелейт, / Билеги жоон балдардын, / Баарынын каны себээлейт, / Ал көрөкчө, балдар, ай, / Өлгөн жакшы жан калбай, / Жекелеше чыгалы, / Андан бетер тайманбай, / Кычырып барып кыргызды, / Эл кыдыртсак ал кандай?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кычырып кел деп Магдымды, / Бакдөөлөттү жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кычырып келген кыргызды, / Коо кылып жолго тизиптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →