кычыла
- Чыр кылуу, кычы сөз айтуу, чыр салуу.
- Денедеги кирди чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ордо аткан андан көп, / Чүкөдөн өтүп кеттиң, деп, / Бирин-бир кычылап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кадамагын кадашып, / Кээ-кээсинде кычылап, / Жыдыдың деп талашып, / Уруша кетчү немедей, / Опураңдап урушуп, / Күлүп ийип кашкайып, / Кайра карап турушуп, / Кызык атып жатканда, / Төөнүн асты чыгыптыр, / Туу белден нары ашканга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →