кысырак

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Жаңыдан үйүргө кошулган кулундай элек байтал бээ.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ай келип түшкөндө, / Жетине албай Оболбек: / — Керменбай келип калыптыр, / Мындан чыгаар далай кеп, - / Малайларын шаштырып, - / Кысыртай болсо карма, — деп, / Кысырак таңдап сойдуруп, / Байандозду чойдуруп, / Сулуу келин Суксурга, / Кымыз арак куйдуруп, / Тура калып Оболбек, / Кош колдоп сунуп турду эле, / Алдына келген арак… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Колунда бар мына ушул, / Кысырактын бар этин, / Алып келип алдына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Бээни байлап салышып, / Кысырак тандап сойушуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…н баскын, деп, / Кулан аты болбосун, / Кысырынан болсун, — деп, / Кумдан кулан куудуруп, / Карматып келип боз чаарын, / Төрт айагын буудуруп, / Куландан чыккан кысырак, / Мунун этин жебесе, / Кантип баатыр эс алат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Болгон окуяны баягы чал толугу менен айтып берет, Асан, Үсөндүн атасы катынын кырк кысырактын куйругуна байлап, сүйрөтүп жүрүп өлтүрөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →