кысыр

китептерде 47 жолу, 9 китепте
  1. Бооз эмес, туубай калган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көкүм барып айтыптыр, / Солк этпей кыргыз жатыптыр, / Кысыр эмди тай сойуп, / Кымызга чайкап бал куйуп, / Дасторкондун бетине, / Канча түрдүү даам койуп, / Конокторго тартыптыр, / Бирге олтуруп Кененим, / Таамды бирге татыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кыргыздын пейли бузулду, / Кең дүйнө бизге кысылды, / Аламын деп айтпады, / Кармап сойду кысырды, / Алдыңызга келгемин, / Мен айткалы ушуну. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Үч жыл кысыр турчу эле, / Алтайдын Айдыңкөлүнө / Мындан качып барчу эле, / Кардына бала бүткөндө / Кайра келип алчу эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
келгенде, / Кең көкүрөк, кууш айак, / Жалайак ооз кир кабак, / Чолок ээк, дөң маңдай, / Каржиликтен булчуңу, / Жүгүрүп жүргөн баладай, / Мойну жоон букуйуп, / Кысыр эмди танадай, / Жамынган темир тону жок, / Жалтанып калаар пейли жок, / Аккаңгы ээр алтын каш, / Мингени тоодой чоң сур ат, / Ошончо элден бөлүнүп, / Четке чыг… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Койду бооз, кысыр дебейбиз, колго тийгенин беребиз! Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →