кысык
- Эки нерсенин аралыгындагы тар жер, кууш жер.
- геогр. Арал менен материктин же эки деңиздин арасындагы кууш келген суу мейкиндиги.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Күнөс менен Жылдыздан, / Азык, Арал, Кунарык, / Арка жагы Ысыккөл, / Чубалып жаткан Теңир тоо, / Күңгөй-тескей бетинен, / Мээ кайнаган ысыктан, / Дем чыкпаган кысыкта, / Амалайдын алдында, / Кешмирден бери карата, / Алтымыш уруу кошулган, / Алаш деп аты угулган, / Өргөнчтөгү кыргыздан, / Ламдын бели кыймадан, / Боз үй тиккен…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жийденин түзү кысыкта, / Шылуундар байге бөлүштү, / Беш жүз жылкы бир миң кой, / Баш байгеден көрүштү, / Улам-улам кемитип, / Жакшы болду дегизип, / Он беш атка байге бар, / Оонабаска сайганы, / Санаты кырк беш кара мал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жерим кетип ачынып, / Элим кетип чачылып, / Көзүмө суук көрүнүп, / Коңурбай менен Эсенхан, / Мен кетемин Бейжинден, / Ошолорго кысыгып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →