кыскасы

китептерде 8 жолу, 6 китепте
  1. Кыскача айтканда, жыйынтыктап айтканда.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

бар, / Чынардай болгон колу бар, / Мындайлары дагы бар, / Көөдөнүн керип дагдайган, / Жаба айуудай саксайган, / Чыккан жүнүн албаган, / Жылтыраган көзү бар, / Кыскасы карыш төрт эли, / Өзүнө чылбыр болгондой, / Андай эчен адам бар, / Оозу үңкүрдөй карарган, / Мурду ыштыктай танайган, / Көккө тойгон жазында, / Уй букадай чана… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…жүргүн, деп, / Көөрүкчүсүн чакырып, / Токсон миңче эрендер, / Токойго кирди жабырып, / Кырчындын барын кыйратып, / Жоонун кесип сулатып, / Кемтигине куратып, / Кыскасына улатып, / Төрт кыр кылып кынатып, / Башын ташка мадатып, / Темир менен кадатып, / Кош араба өткөндөй, / Эт бышымдын ичинде, / Көпүрөнү бүтүрүп, / Кайра келди ч… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Санаты төрт жүз сексен төө, / Жетисуу карай чубасын, / Кыскасы, татым туз үчүн, / Тим эле башын аламын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— Жок, кетем,— деп кыскасынан гана бир жооп кайырды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Кыскасы кандай ойлосоң ошондой болот, – деди дагы жолоочу көздөн кайым болду. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →