кыскар
- Кыска болуу, узак болбоо.
- өт. Азаюу, мурдагыдай болбоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Он беш күн кылып болжолдуу, / Кыскартып айткан кескин кеп- / “Катышпай кетем калкыма, / Үч жылдык төлүн эсептеп, / Бар малымды бергин –деп, / Алтын-күмүш алган зар,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кар кылбагын, Мадана, / Бар нерсеңди айабай, / Узун колду кыскартып, / Зар кылбагын, Мадана, / Кең дүйнөнү кичиртип, / Тар кылбагын, Мадана, / Көбүнчө айтар кебим бар, / Эркек менен катындын, / Баарын билет Калемкаш, / Айткан кебин таштабай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Коросон менен испанга, / Кол салат эми душманга, / Алар да калат бушманда, / Ажал айдап келипсиң, / Жаш өмүрүң кыскарта!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ок дарыңды мол камда, / Ойунга кызып жай жатпа, / Кыскартып айтар бир кебим, / Көз жибергин туш-тушка, / Түнүнкүсүн аз укта!- / Деп айкөлүң кеп айтты, / Кеп айтканда эп айтты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…күмөнүм, / Гүлчоронун этинде, / Кийген сыйкыр көйнөк бар, / Кубултуп кетет экен, деп, / Көйнөктүн жеңин бек тартып, / Буудан күлүк Буурулдун, / Чылбырын кармап кыскартып, / Жүрү, абаке, жүрү, деп, / Буурулду тартып калды эле, / Кайып кыздар чогулуп, / Ортосуна алды эле, / Гүлчородон Семейди, / Ажыратып ала албай, / Алда кандай …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →