кыска
- Чолок, келте, узун эмес, узак эмес.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тартчуу боосун кармады, / Мойнуна муну салганы, / Узунбу, кыска өмүрү, / Өлгүнчө уулга арнады, / Көзү көрүп энеси, / Байкап муну калганы: / “Ээ, кудай, шүгүр өзүңө, / Торгой шерге жарады, / Максатка жеткир жараткан, / Жан кылган соң адамды, / Калганда өзүң билесин, / Пайдасы менен залалды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Саламат өзүң турасың, / Жалгыз сен кандай кыласың, / Акылыңды билдиргин, / Биригип кеңеш кылалы, / Ашыгын алып азайтып, / Кыскасын улап узартып, / Орток кеңеш кылалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алардын тили кыска экен, / Мындай конок кылсак, деп, / Байбичеге айтардан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кулпу салчу төңөлүк, / Көзөөсүз туйук болуптур, / Аны Кошой абабыз, / Көзөөлүү кылып ойуптур, / Жетпей кыска болгондо, / Узатып Чүрөк чойуптур, / Кара лөк кому жерде экен, / Гүлүстөнүм комдоду, / Сейитегим уктачу, / Керебет алтын болгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ушинтип жатып кээде кыска түндүн атканын да билбей калчубуз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →