кырым
- Химиялык зат.
- Хром тузу менен өңдөлгөн жука булгаары.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Төрт кырым бар билгенге, / Токтолбоймун ар ишке, / Көөнүңө мени жактырсаң, / Көргөзүп туруп ар элге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кырк миң аскер алганбы / Кырымдан издеп калганбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайыпчыга барып кел, / Мен көргөнмүн бир чакта, / Кырым менен Урумдун, / Ортосунда Таалымал, / Элден сулуу кыз чыкса, / Сүрөтүн аскан жери бар, / Ошого баргын Сейтек, / Жараткан кызың бар болсо, / Мен таппайын аны издеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Атаң көзү барында, / Кыргын салган Кырымга, / Уруш салган Урумга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Бирөөңө берем Коктукат, / Ээлик болуп элди бак, / Эмгегин тартып элиңдин, / Андан кийин даамын тарт, / Бириңе берем бул шаарды, / Сен экөөңө каратам, / Кара кырым каңгайды, / Алдыңда кызмат кылдырам, / Манжу, калмак буларды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →