кырчын

китептерде 41 жолу, 8 китепте
  1. Майда жаш бадал.
  2. өт. Жаш, жаш кез, жаш өспүрүм.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кангай, испан, коросон, / Жедигер, маңгыт элине, / Мындан бузук тараган, / Маңгыт сага барыптыр, / Калмак, тажик, коросон, / Испан менен жедигер, / Таластын келип сыртына, / Кошууун түшүп алыптыр, / Талдынын бойу кырчынга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бел болгон баатыр жоголду, / Бешене бүткөн шор болду, / Ырысы элдин кырчылды, / Жыйналды элдин кырчыны, / Ачык күнү чүмкөлдү, / Күн жаабай туруп бүркөлдү; / Шыргалаңдап суу тоңду, / Шыбыргак шамал суук болду, / Көк-жашыл чөптөр кубарды, / Сайрабай куштар муңайды… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Чоктой кызыл табылгы, / Колдо камчы баарысы, / Кырчын талдар буралып, / Асман тиреп кайыңы, / Темирден катуу ыргайы, / Чыккан чөбү бүт дары, / Аркар оту, мамыры, / Арбын чөптүн тамыры, / Шыралжын менен бозунач, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…анын, / Көмүркөй менен кычкачын, / Теңдеп таңып артынып, / Күйнөлбөй тез жүргүн, деп, / Көөрүкчүсүн чакырып, / Токсон миңче эрендер, / Токойго кирди жабырып, / Кырчындын барын кыйратып, / Жоонун кесип сулатып, / Кемтигине куратып, / Кыскасына улатып, / Төрт кыр кылып кынатып, / Башын ташка мадатып, / Темир менен кадатып, / Кош … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кыргыздын элин чуулатып, / Катын-кызын олжо алып, / Жаш балдарын ыйлатып, / Калганын айдап чубатып, / Кызыл муштум балдарын, / Кырчынга тизип аспасам, / Кызыл ээк карысын, / Кылыч менен чаппасам, / Бооз катынын жарбасам, / Кылгылыкты кылбасам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →