кырчылда

китептерде 10 жолу, 5 китепте
  1. Кырч-кырч этүү, кычыраган үн чыгаруу.
  2. Абдан катуу суук болуу.
  3. өт. Толуп турган кез, жаш кез.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…тып Сатайды, / Биз Отордон алалы, / Оторго орун бербестен, / Чыгарып элдин четинен, / Карып калган Сатайдын, / Хандыгын кошуп алалы, / Кыйын болсо кыргыздар, / Кырчылдашып багалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Аркар өтү, кой өтү, / Аралаш эзип экөөнү, / Бир жанайак бериңер, / Ичеги, карын-курсакка, / Калтырбайт кесел билиңер, / Айуунун өтүн тапкыла, / Берч болгон жерге чапкыла, / Кырчылдак кылбай таратат, / Буга айла тапкыла, / Эми айтарым силерге, / Курсагымды баккыла. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кырк жаңжүндүн кирпигин, / Кыйа карап көрөлү, / Кылганына көнөлү; / Кылган ишин эп көрбөй, / Кырчылдашып жүрбөйлү, / Ортодо калып экөөнүн, / Көргүлүктү көрбөйлү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кылыч сууруп кынынан, / Кырчылдашар чагы жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Кыштын кырчылдаган күнү падышага тартуу кылып алып барып берди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →