кырчоо

китептерде 10 жолу, 5 китепте
  1. Боз үйдүн туурдугунун ортосунан айландыра бастырган жип.
  2. Алкак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

менен жер сайып, / Өлүп кетти көк дөбөт, / Тиши чыгып ырсайып, / Камчыны булгап ийгенде, / Канча итке тийгенде, / Каны агып шорголоп, / Калган иттин барысы, / Кырчоого такап көчүгүн, / Үй–үйүнө корголоп, / Алдына минген Карткүрөң, / Жүрүп кетти жорголоп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кашка беде, кара чөп, / Аларга окшоп далай чөп, / Бел кырчоодон буралат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жаагы кызыл кан болуп, / Баштары челек, нан болуп, / Алакан тери сойулуп, / Мойнунун каны койунга, / Агып кирет куйулуп, / Ычкыр кашат, бел кырчоо, / Андан жерге агып чубуруп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кыбыла жаккы кырчоодон, / Кылайтып булут кетирбей, / Сыдырым шамал, желаргы, / Астынан утур салганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бейшемби кырчоодо байлануу турган атын бир карап алып, бартайган колдорун карсылдатып ушалап койду да. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →