кырча
- Кичирээк кыр, кыр сымал.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мурду сеңир кырчактай, / Муруту камыш жекендей, / Оозу үңкүрдөй карарып, / Камандай тиши агарып, / Каалгадай тиштери, / Көрүнүп турат саналып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
— деп, / Жердин бети жыртылып, / Тарпы чыгып алды, деп, / Кыйа тартып бурулуп, / Кырчак ташты бет алып, / Чылбырын кармай олтуруп, / Турнабайын оңдоду, / Олутун таап олтуруп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
Жолум үйдөй башы бар, / Көзү казган ородой, / Жатып копкон жерин көр, / Элүү кой жатчуу короодой, / Кашы менен кирпиги, / Карагайдын чериндей, / Тиштери арсак кырчактай, / Кара бойу мунардай, / Колу- буту чынардай, / Оозу тоонун үңкүрү, / Бул өңдөңгөн адамды, / Мындан мурун ким көрдү, / Касабасы калкылдап, / Кара бойу бүт теми…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кылычтын изи кызыл чок, / Кылымда мындай кыйын жок, / Кылычты шилтеп тартканда, / Кырчын талдар кыркылып, / Кырчак таштар быркырап / Асманда жүрөт нечен таш, / Жерге түшпөй зыркырап, / Көрсөтүп каарын Сейитке, / Кирип келди чукулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Деп Куйалы кыз балбан, / Капканын кара ташына, / Бастырып барды көтөрүп, / Күүлөп-күүлөп булгады, / Кырчактан нары урганы, / Тоонун көбү кулады, / Ичегиси чубалды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →