кыруу1
- Жээк, кыр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кара көз менен хан Калдык, / Жылдырбай туруп кырууга, / Жыпжылма-түптүз кылууга, / Кеңеш кебин тындырып, / Алтыга бөлүп аскерин, / Чар тарапка чаптырып, / Булар минтип жатканда, / Бекбача айтат кыргызга: / — Ушу …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мужунду сайып алганда, / Менден башка төртөөңдү, / Өз билгенин кылуучу, / Мойнуңдан кесип башыңды, / Кылгылыкты кылучу, / Дым чыгарбай кыруучу, / Андан кала бергенде, / Маган зордук салучу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Узун сапар кылууга, / Уруштурбай Кытайга, / Убара кылбай кырууга, / Алмаң ичте бекинип, / Алыстан бизди айдады, / Арстаным Манас, билбейсиң, / Ал ушундай жайлады!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Каарданып Тапан хан, / Сууруп алды кылычын, / Кырк миң колду кыруучу, / Карматам деп кылыгын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Анын бир максаты: алдынан кезиккенин атуу, кан төгүү, кыруу, мал мүлкүн талоо, чарбаны бүлдүрүү...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →