кыртыштуу
- Кыртышы бар, семиз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
шаңданат, / Кулактарын жапырып, / Куйругун күүлүү ургулап, / Аркасынан чыккан чаң, / Жөө туман болуп созулуп, / Төрт туйагы тийген жер, / Кемекейдей ойулуп, / Кыртыштуу жерлер сойулуп, / Катуу тийди каарданып, / Ажыдаардай заарданып, / Өткүр болот - кара курч, / Түпөктүү найза колго алып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Эрмен чөлү жок болсо, / Кыртыштуу тулаң чөп болсо, / Чарба үчүн ылайык, / Жайыты анын көп болсо, / Айрыктарын түбөлүк, / Ата уулу кылып бөлөлүк, / Кыйшыгы болсо душмандын, / Кыйындыгын көрөлүк, / Ат токунгун арстандар, / Айалдабай жөнөйлүк, - / Он бир жаштан бер жакка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →