кырсылда

китептерде 12 жолу, 6 китепте
  1. Кырс-кырс этүү, кырс-кырс эткен дабыш чыгуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Куйругу түшүп бул аттын, / Кычышып бойу кырсылдап, / Капталын кашып Майтору, / Тиштеп тартып баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сары арыстар кырсылдап, / Киле менен сары эшек, / Араң жылат былкылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ку чоң дүрбөөн: / Мылтыктын үнү тарсылдап, / Доолбас үнү карсылдап, / Иттери үрүп арсылдап, / Кескелдирик, сары арыс, / “Келгин бери”, дегенсип, / Кишини карап кырсылдап, / Токойдун ичи бузулду; / Бир убакта кычырап, / Байкап турсаң токойдон, / Бөрү чыкты, чөө чыкты, / Жапа болуп жан көрбөс, / Ийри мойну төө чыкты; / Кулан чыкт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…мсагы, / Коркконунан корголоп, / Кескелдирик батмачык, / Баш көтөрбөй мааналап, / Кобо албай коркушуп, / Жаткан жерде чырылдап, / Ачкалыкка чыдабай, / Азуулары кырсылдап, / Сапырылып кум учуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…төн, / Ошончо жерге койчу эле, / Керчти чойуп тартканда, / Эки далы биригип, / Кечирлери киришип, / Беттешип далы тийишип, / Талкаланып кетчүдөй, / Керчтин үнү кырсылдап, / Эшкен темир тырсылдап, / Жебенин боосу чытырап, / Үзүлгүндөй болгончо, / Күч келтирип тартуучу, / Анан жааны атуучу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →