кырсык
- Күтүүсүздөн болгон жамандык, кыйынчылык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Муну мындай таштайлы, / Чигитейди тооруган / Кырсыктардан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ — Бекер бизди бул жерге, / Кычыртпайсың, Чыңгыш хан, / Батыш, түштүк кыргыздан, / Душман туулат турбайбы, / Өчөшүп бизге кырсыккан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кебин угуп Абыке: / — Учурап калып Байтерек, / Айттың мага далай кеп, / Акылдуу киши кептенип, / Акыл эмес Байтерек, / Түбүндө мунун кырсык кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Быйыл эки жакка да көп минбей көзүнө карап, багып- жүрдүм эле, аягында минтип кырсык чалып алды...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошентип, куйругун жазалайм деген кем акыл түлкү өзү кырсыкка учурап өлүптүр.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →