кырс2
- Тырс эткендей чыккан басыңкы туюк дабыш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…з иш кылды, / Моңгулдун чыккан жалабы, / Арам сийдик эки кул, / Ал манжудан тамганы, / Эр Бекбача баатырдын, / Бүткөн бойу жыйрылып, / Дүр-дүр этип чыйрыгып, / Кырс-кырс этип үн чыгып, / Исиркектенип суу чыгып, / Кайнаган суудай тызылдап, / Бүткөн бойдон буу чыгып, / Катындан болуп арамдык, / Кылганын билип жамандык, / Сойулуп …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кула тайды сураса, / Чыңгыш күлдү кырс этип: / — Сураганың кула тай, / Болосуңбу көөнүң жай?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Суу уйлары бултулдап, / Суу иттери мултулдап, / Кел арс менен батмачык, / Кырс-кырс этип култуңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Аңтарылып баратып, / Бүктөлүп бели карс деди, / Боконосу борт деди, / Богу көттөн шорт деди, / Ооз омуртка кырс деди, / Дем тарта албай шылк деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кырс этерге ташы жок, / Улуу жолго кирди эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →