кырман

китептерде 8 жолу, 4 китепте
  1. Эгин бастыруу үчүн атайы тазаланып жасалган аянт.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чоңжинди бала өзү тың, / Жанында бала Мажик тың, / Жерди казып аң кылып, / Агызып сууну шар кылып, / Айабай экти эгинди, / Тоодой кырман бар кылып, / Караногой карыны, / Кубантып көөнүн жай кылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Буурчак баскан кырмандай, / Чокуруң бардыр бириңдин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ — Андай эмес, Сейтек, / Карылардын кеби бар: / “Камдабай саан алдында, / Дайардап саба алгын” деп, / “Кызылдабай кырманды, / Ороңду казып салгын” деп, / Чынында, балам, ушул кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бара түшкөндө бери жагынан дагы бир кырман көрүндү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жаңкы кырмандын ээси болсо керек. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →