кыркала
- Кыркалай коюу, кыркалай туруу, кырка тизүү, коюу же катар туруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Шыңшыңша деген бел келди, / Жужу деген эл келди, / Ашып өтүп бул белди, / Аралап өтүп ал элди, / Тоонун башын кыркалап, / Жайы-кышы кар жаткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…езгил, / Куйрукка буудай чөгөрүп, / Семизинен баса албай, / Кишинин баары көгөрүп, / Боз улан кемер курчанып, / Кыздары үкү сайынып, / Тогуз-ондо кыз балдар, / Кыркалап шуру тагынып, / Буластай басып келиндер, / Чач теңге, чачпак салынып, / Жең кабы менен өңүрүн, / Саймалашып тагынып, / Эки эли кундуз жээктеп, / Белдемчисин ка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кыздары үкү сайынып, / Кыркалап шуру тагынып, / Башында кундуз тебетей, / Кыпкызыл бети албырып, / Бака буттап өргөн чач, / Кыз экени таанылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →