кыргыч
- Көбүнчө казандын түбүн, кырмычык кырууга ылайыкталып жасалган кыска калакча.
- Апийимди кырып, жыйнап алуу үчүн ылайыкталып жасалган кичинекей калакча.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Илбеген менен Кызыл дөө, / Куйган чойун, колодон, / Кошмосу анын сары жез, / Беш кабат темир туулга, / Алты кабат калканы, / Кыргычтыкка жарабай, / Чыгып кетти талканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →