кыргын
- Кан төгүлгөн катуу уруш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
немесин, / Көгүчкөндөй зыргытып, / Карчыганын балык эт, / Май куйрукка мылгытып, / Зор Бактыбай, Турумбек, / Кызык уруш салыптыр, / Кылычтан канын чубуртуп, / Кыргын кылып салыптыр, / Он төрт хан Алаш аскерин, / Оордунан козгоду, / Жик-жиги менен топ болду, / Ооган менен испанды, / Өз элиңе кет деди, / Кете албасаң Калдыкта…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…аралап, / Манастын уулу Кененим, / Эр көкүрөк эрениң: / “Каптап келген калмакка, / Карбалас кыргыз кошулар, / Кызыл кан агып жошулар, / Бөөдөсүнөн кыргыздар, / Кыргын болор ушулар” / Деп ойлонуп алганы, / Бактыбайлап бакырып, / Эр Сүйүн деп чакырып, / Чолпонбай деп акырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Байлаган менен Чубакты, / Алып кете албады, / Болгун, тарткын, болгун, деп, / Бабырашып жатканда, / Баатырыңдын ач албарс, / Ага сыйкыр даарыбас, / Тирүүлүктө пендеге, / Мындай сонун табылбас, / Кынынан тартып алыптыр, / Кызыл кыргын салыптыр, / Бошотуп тордон ошондо, / Кутулуп Чубак калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Антип-минтип турушуп, / Мылтык атып, чабышып, / Удаа он күн урушуп, / Өрүшүнө Коңдурбай, / Өрүүн берип Коңдурбай, / Далай салды кыргынды, / Беттешкенин соо кылбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Эл кара талашып алактап кетип баратып, бир кезде Музарттын күркүрөгөн, тайгак суусуна көч-мөчү менен, бешиктүү катын бешиги менен камалыша чуркурап барып, чогуу бойдон бир күрүлдөп кирди дейсиң — эми мындагы кыргынды сураба!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →