кыргыл

китептерде 151 жолу, 7 китепте
  1. Бозомтук, сакал-мурутка ак аралап калган.
  2. Таштуу аска.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Эл сүйгөн баатыр Манасты, / Эр жараткан алашты, / Олуйа Кошой карыны, / Кабылан Бакай баштаган, / Он төрт хандын барыны, / Кырк кашкага баш болгон, / Аты өчпөс Кыргыл чалыңы; / Алмамбет, Чубак – беренди, / Семетей, Гүлүс – эренди, / Ак байбиче Чыйырды, / Каныкей, Чүрөк энеңди, / Эр Сейтек, Кененди, / Кыз Куйалы балбанды, / К… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ичинде жол жүрсө, / Түлкүнүн изин жаңылтпас, / Душмандын изин куучусу, / Эл башкарган Эламан, / Калк кармаган Калкаман, / Топ башкарган Токоной, / Кырктын башы Кыргыл чал, / Ушунун баары өлгүнчө, / Кыргызга кызмат кылышкан, / Кызматында көкжалдын, / Кыйкырып бирге турушкан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…салбасын, / Айтып бүткүс айбатын, / Чакчалекей будуң-чаң, / Аркада чаңы жөө туман, / Оогандын эли каптады, / Ошону көрүп Алмамбет, / Мына бу болду айтканы: / — Кыргыл баштап онуң кал, / Абакемди сактап ал, / Калган отуз ойулгур, / Уккун кебим, оңбогур, / Азык-түлүк чатырды, / Асырап кал аныңды, / Ок-дары менен тон арткан, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бозорук таң атканда, / Боз торгой сайрап жатканда, / Хандын баары калдаңдап, / Камчысын сүйрөп далдаңдап, / Таңдагы нашта даамын, / Ашпоздору тез камдап, / Айкөл баштап бардык хан, / Кыргыл баштап кырк арстан, / Жапырт жүрүп бастырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чыйбыт, Кочкор-эки арам, / Адыбай, Көлбай – төрт арам, / Кыргыл баштап кырк чоро, / Кыргыздан качып бөлүнүп, / Кырылып булар калыптыр, / Атын тартып, тонун жаап, / Жолун тоссо Семетей, / Райым кылбай кенедей, / Кекжейишип бергенде, / Семетей кырып салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →