кыргый

китептерде 25 жолу, 9 китепте
  1. Көбүнчө чымчык, бөдөнө сыяктуу майда канаттууларды алуучу жырткыч куш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…актан, / Сууруп алды бир жебе: / — Бул айылда калсын, — деп, / Унчукпастан эч кимге, / Ыргытып ийди жөнөөрдө, / Элебей элдер калыптыр, / Көкөй көрө салыптыр, / Кыргыйдан мурун Торгой кыз, / Эңип окту алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кыргый мүчө, кымча бел, / Кырмызы көйнөк тасма бел, / Барынча кийип буралып, / Белдемчи белде чубалып, / Хан баласы Каныкей, / Кирип келсе айлына, / Ырчы уулдун үйүнд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ү кыштап калганда, / Олуйа Кошой эрмекке, / Өрдөккө салган куу кумпай, / Кыпылдаган карчыга, / Алп Төштүк салган кыргоолго, / Кастарлаган куш эле, / Зыпылдаган Кыргыйек, / Бекер кыргый ал эмес, / Букардагы Темиркан, / Көз тийет деп кызыма, / Байлап койчу Кыргыйек, / Каныкейдин жанына, / Жандап жүргүн кызыл пил, / Таамай угуп а… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кыргыйек учкан маалда, / Ойнодум үч жыл аң уулап, / Тоолордо жүрдүм мен дуулап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Байдын кепичинин ичине түшкөн таруу кыргый болуп учту да, айланып келип таранчынын башын жара тепти. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →