кыргыек
- Түлөй элек жаш кыргый.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кулетендин эр Агыш, / Кызды жандап кылаңдап, / Кыргыектей сыланат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кабылан Сейит камынып, / Карчыгадай кагынып, / Кыргыектей кылт этип, / Нурланып жүзү жылт этип, / Сүйлөдү сөздү шыңк этип: / — Болжолдуу көрдүм күнүңдү, / Сурадың менин түбүмдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Саргарып эгин бышыптыр, / Алманын шагы ийилип, / Кыргыек учар табы экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →