кыргоол
- Тоок тукумуна кирүүчү кооз жүндүү канаттуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көпкүлөң тарткан боз балдар, / Эригип үйдө жаталбай, / Сазды бойлоп куш салып, / Өрдөк, чүрөк, каз алып, / Каркыра,турна, тоодакты, / Ителгиге тептирип, / Кекилик, чил, кыргоолду,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сүйлөгөндөн эринген, / Жеңилген нечен мырза көп, / Желбегей чапан жамынган, / Жеткилеңдүү жаштар көп, / Тоту куштай сыланган, / Кыргоол сындуу кыздар көп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Элүү балбан биз турсак, / Кыргоол, чилден олжо деп, / Бирди булар алат деп, / Куш жайылып келем деп, / Жалгыз кетип калганың, / Кандай болду бул жара, / Толук бизге айт, ханым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кыргоол жүндүү, кыз үндүү, / Кызыл чырай нур жүздүү, / Кызыл чийкил жаш бала, / Кирип келди мынаке.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Заматтын ортосунда куйругумду куп кармайсың, – деди кыргоол.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →